Миңден ашуун салык төлөөчү патентти онлайн сатып алды

Акыркы 2 айдын ичинде 1348 адам онлайн патент сатып алды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан (МСК) маалымдады.

Электрондук патентти алуунун эки жолу бар: Салык кызматынын (www.salyk.kg) сайтындагы “Салык төлөөчүнүн кабинети” аттуу электрондук кызматы жана eID-карта (2017-жылкы жаңы үлгүдөгү паспорт) аркылуу алууга болот.

Талдоо көрсөткөндөй, патентти онлайн түрүндө көбүнчө Ош (366 патент), Бишкек (229), Жалал-Абад (99) шаарларынын тургундары сатып алган.

Мындан башка, Аламүдүн районунда – 92 патент, Жайыл районунда – 47, Жети-Өгүз районунда – 31, Түп районунда – 26, калганы башка район жана шаарлардан алынган.

Интернет аркылуу электрондук патент алуу салыктык тескеп-башкаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Мындан тышкары, салык төлөөчүлөр менен салыкчылардын ортосундагы түздөн-түз байланышты кыскартып, коррупциянын тобокелдигин төмөндөтөт.

Патентти кеңседен (кызмат көрсөтүү жана соода түйүндөрү) же үйдөн чыкпай туруп, сутканын ар кайсы учурунда интернет аркылуу алууга мүмкүн болгондуктан, салык төлөөчүлөргө ар жолу салык органына баруунун кереги жок. Патентти терминалдар, банкоматтар, автоматташтырылган өзүн өзү тейлөө терминалдары жана башка банктык төлөм карталарын тейлөө жана кабыл алуу боюнча техникалык инфраструктураны түзгөн түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Эскерте кетсек, Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын 1-октябрынан тартып республиканын бардык аймактарында ведомствонун сайты аркылуу электрондук түрдө патент бере баштаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.