“Мерсико” жана “Мартин Бауэр групп” уюмдары өлкөнүн түштүгүнө гуманитардык жардам көрсөттү

“Мерсико” жана “Мартин Бауэр групп” коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алып, өлкөдөгү санитардык абалды жакшыртуу максаиында 200дөн ашуун аялуу катмардагы үй-бүлөлөргө жардам көрсөтөт.

Аталган уюмдар Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ош облусунун Өзгөн районундагы 200дөн ашкан үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү үчүн каражат бөлгөн.

Натыйжада, 223 жашоо-шарты начар үй-бүлөлөр (1119 адам) жалпы суммасы 1 млн 171 миң сомду түзгөн гуманитардык жардам алышты.

Жардамдар Өзгөн районунун Кайрат, Заргер, Ничке-Сай, Алтыбай айылдарында 70 үй-бүлөгө, Сузак районунун Кара-Алма айылында 79 үй-бүлөгө, Базар-Коргон районунун Арстанбаб-Ата айылында 74 үй-бүлөгө таратылды.

Белгилей өтсөк, Martin Bauer Group компаниясы чөптөрдү жана чөптөрдүн аралашмасын, суусундуктарга экстракттарды, тамак-аш жана диеталык кошумчаларды, чөптөргө жана чайга жемиш аралашмаларын өндүрүүчү Эл аралык гуманитардык коммерциялык эмес уюм.

Ал эми 25 жылдан бери Кыргызстанга гуманитардык жардам жана өнүгүү кызматтарын көрсөтүп келген АКШнын “Мерсико” Эл аралык кайрымдуулук уюму Кыргызстанга гуманитардык жардам жана өнүгүү кызматтарын көрсөтүп келет. Анын ичинде билим берүү чөйрөсүн жакшыртуу, мектепте жана үйдө туура тамактануу аркылуу мектеп окуучуларынын сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу, мектептин инфраструктурасы жана мектептердин туруктуу тамактануу программаларын ишке ашырууга жардам берет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген