Менин Жерим: Коронавирустан айыккандар кайра ооруп калуусу мүмкүнбү?

Коронавирус илдетинен сакайып, стационардан үйгө чыгарылганда кандай гигиеналык эрежелерди сакташыңыз  керек? Бул боюнча салматтыкты сактоо министрлиги бир канча буйрук, эрежелерди бекитип берген.

Эң соңку 526-буйругуна ылайык дарыгерлер бейтаптарды ооруну жеңип чыккандан кийин клиникалык протоколдун негизинде 14 күн аралыктан көзөмөлдөп туруусу зарыл. Эгер 14 күндүн ичинде оорунун белгилери байкалбаса гана бейтап илдеттен толук айыкты деп эсептелет. Бул үчүн дарыгерлер телефон аркылуу бейтаптын ден соолугунан кабардар болуп турушат.

Биз сиздерге жугуштуу оорулар боюнча дарыгер Айпери Данияр кызынын маалыматын сунуштайбыз.

“Оорудан айыгып чыккандан кийин кайра ооруп калдым деп келгендер көп болуп жатат. Алсырап, башым айланып, жыт сезбей калдым дегендери дагы бар. Ар кимдин организми ар кандай, кээ бирөөлөр айыккандан кийин деле бир топ убактыка жыт сезбей жүрүшү мүмкүн”.

Илдеттен айыгып, үйгө чыккандан кийин дагы бир нече иш-аракеттерди жасоо керек. Себеби организм толугу менен өзүнө келүүсү зарыл.

Бейтап бейтапканадан чыккандан кийин үй шартында сактоочу эрежелер:

  • Эрте менен жана кечинде күнүнө 2 жолу кан басымыңызды өлчөп турууңуз зарыл.

 

  • Айрыкча өнөкөт кан басымы менен жабыркагандар бул эрежени унутпай аткарышы маанилүү.

 

  • Мүмкүн болушунча үйдө өзүнчө бөлмөңүз болуп, обочолонуп турганыңыз оң. Бөлмөнү күнүнө 3-4 жолу желдетип, бир жолу курамында хлор кошулган суу менен тазалап турганыныз жакшы.

 

  • Сыртка чыкканда чүмбөт эрежесин сактап,  беткап тагып чыгыңыз. Ошондой эле сыртка чыгаардан мурун жана кайра кирээрде колуңузду жууп же антисептик менен тазалап турушуңуз керек экени эскертилет.

 

  • Негизгиси үйүңүздөгү жакындарыңыз менен жана башка адамдар менен көп катташпай туруңуз.

 

  • Эгерде аталган 14 күн убакыт ичинде жарандарда ковиддин белгилери байкалбай, өзүн жакшы сезсе эл менен аралашып, жумушка чыгуусуна уруксат берилет.

Ооруп чыккандар көбүнчө мен эми оорубайм деп эсептешет. Бирок оорулуу айыккандан соң иммунитети түшүп кетет. Андыктан бейтап өзүн коргоп жүрүүсү зарыл. Ар дайым беткап тагып, антисептикалык каражатты такай колдонуу сунушталат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген