Менин Жерим: Колуңузду жакшылап тазалаңыз, болбосо вирус калып калат

Катуу формадагы самындарды колдонуу микробордорду бир адамдан экинчи адамга жугуусун шарттайт. Сиз катуу самын менен колуңузду жууганда микробдор самында калып калат. Башка адам ошол эле самынды колдонуу аркылуу вирустарды өзүнө жуктуруп алуусу ыктымал.

Биз сиздерге Дени Сак Эл ассоциациясынын врач-инфекционисти Жоомарт Сатыбалдиевдин маалыматын сунуштайбыз.

“Дарыгерлер коронавирус сыяктуу жугуштуу илдеттерден оолак болуу үчүн суюк самынды колдонууга чакырышат. Ошондой эле антисептикалык каражатты ар дайым жаныңызга алып жүргөнүңүз оң. Колду жууганга шарт жок жерлерде анисептикти алаканга сүйкөп, толук кургаганга чейин сүртүү бактерияларга каршы жардамын берет”.

Бардык эле самындын түрлөрү микроб, вирустарды толук өлтүрбөйт. Жөн гана айрым бөлүгүнүн колдон жуулуп чыгып кетишине жардамы бар.

Колду вирустардан толук кантип арылтса болот? Төмөндөгү эрежелерди билип алыңыз:

  • Колду жууганда суунун температурасына дагы маани бериңиз. Ал дененин табы менен бирдей болгону жакшы (36 градус).

 

  • Муздак сууга колду жууганда терилер жабыркайт жана майда жылчыкчалар пайда болот.

 

  • Ошол жылчыкчалар аркылуу денеге микробдор кирүүсү мүмкүн.

 

  • Ысык суу дагы терини жабыркатат.

 

  • Колду жуу алдында зер буюмдарыңызды алып коюңуз. Анткени колдогу микробдор тазаланбай калат.

 

  • Негизгиси колду тамактанууга чейин, андан кийин жана дааратканага барган соң жакшылап жууганды унутпаңыз. Эч болбоду дегенде 20 секунда убакыт ажыратыңыз.

 

  • Кургатуу үчүн бир жолу колдонулуучу сүлгү пайдаланганыңыз жакшы.

Менин Жерим: Кийимдерден дагы вирус жугуусу мүмкүн

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген