Менин Жерим: Кийимдерден дагы вирус жугуусу мүмкүн

Сиз кийип жүргөн кийимдер дагы вирус ташуучу ролду аткаруусун жана кийим аркылуу да коронавирус сыяктуу жугуштуу илдеттер жугаарын унутпаңыз.

Биз сиздерге жугуштуу оорулар боюнча дарыгер Айпери Данияр кызынын маалыматын сунуштайбыз.

“Айлана- чөйрөдөгүлөргө, жакындарыңызга кам көрүңүз, жугуштуу ооруларга чалдыгуусуна себепчи болуп калбаңыз”.

Сиз кийип жүргөн кийимдер дагы вирус алып жүрүүсү мүмкүн. Андыктан төмөнкү эрежелерди сактаңыз:

  • Үйүңүздүн кире беришинде хлорго чыланган жана жөнөкөй сууга жуулган 2 кебезди коюп коюңуз.

 

  • Алгач бут кийимиңизди хлорго чыланган кебез менен тазалап, андан соң экинчи  нымдуу чүпүрөк менен аарчып туруңуз.

 

  • Эгерде бут кийимиңиз булгаарыдан тигилген болсо, хлордуу каражаттарды сээп залалсыздандырып чыгуу керек.

 

  • Негизги сырткы кийимдердин баарын үйгө жумуштан кайтканда  күн сайын жууп, тазалап туруу сунушталат. Шартыңыз жок болсо, калың сырткы кийимдериңизди таза абага 1-2 күнгө жайып койсоңуз болот. Мында вирустар учуп, түшүп калаары маалымдалды.

 

  • Ал эми кышкы курткаңыздын материалы жылмакай болсо, спирт же хлор кошулган дезинфекциялоочу каражат менен залалсыздандырып, андан соң кургатып кийиңиз.

 

  • Чачыңызды күнүгө жууганга шарт жок болсо баш кийим колдонуңуз.

 

  • Бирок үйгө келгенде эч ким менен жолукпай туруп, баш кийимиңизди  чечип өзүнчө баштыкчага салып койсонуз болот. Эртеси кайра кийгенден кийин колуңузду сөзсүз тазалап аласыз.

 

  • Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча  кийимдердеги вирустар 60 градустан жогорку температурада жок болот. Ошондуктан кийимдерди мына ушул градустагы сууда 15 мүнөт жуусаңыз вирустар өлөт.

 

  • Алтын, күмүштөн жасалган зер буюмдарыңызды да күнүнө бир жолу антисептик менен тазалап койгонуңуз жакшы. Анткени зер буюмдарда вирус 72 саатка чейин сакталат.

 

Менин Жерим: Коронавирустан айыккандар кайра ооруп калуусу мүмкүнбү?

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген