Менин сырым: “Жесир”дешет. Анда дүйнөм тарып кетет

Ар бир адамдын ичинде катылган, эч кимге айтууга даабаган сыры жашайт. Эми ал сырыңызды “Ынтымактын” “Менин сырым” рубрикасы менен бөлүшүп, жеңилдей аласыз.  

Гүлдөй 28 жашымда аты жаман ооруга жолдошумду алдырдым. Анда кызым жаңы эле төрөлгөн кез болчу. Азыр 14кө чыкты, атасына куюп койгондой окшош. Мени аяп, карегим менен тең айланган боорукер кыз болду. Жолдошумду катуу жакшы көргөнгөбү билбейм, колумду сурап келген жуучуларга макул болгон жокмун. Кызымды башка адамга өгөйлөнткүм келбеди.

Бактыма жараша кайын журтум жакшы адамдар, үйдү талашкан жок. Жалал-Абад шаарындагы ооруканалардын биринде башкы медайым болуп иштеп, кызымды тарбиялап келем. Жашоом орто. Бирок мени элдин, ал гана эмес тууган-уругумдун “жесир Салия” деп атаганы дүйнөмдү тарытат. “Угуп калса көңүлү ооруйт” деп эмнеге ойлонушпайт? Жесир аял деле кадимки аял го, анын да жүрөгү, көңүлү бар го? Мейличи…Эл айта берсин, башкысы бактыма кызым аман болсун. Периштемди аман-эсен эрезеге жеткирип алсам, башкаларга кор кылбагыдай жашоо түзүп берсем, анан “жесир” атыман кутулаармын…

Дүйнө жүзүндө болжол менен 258 млн жесир аял бар. Алардын ар бир онунчусу жакырчылыкта жашайт. Мындан улам БУУнун Башкы Ассамблеясы 2011-жылы 23-июнь- жесирлердин Эл аралык күнү деп белгилеген.

Көпчүлүк өлкөлөрдө жолдошунан ажырап калган аялдарга жер участкаларын, үйлөрдү же башка баалуу буюмдарды мурастап калганга жол берилбейт. Тескерисинче, ал өлкөлөрдөгү жесирлер күйөөлөрү каза болгондон кийин өздөрүнө карата кемсинтүүнү, коркутууну, жаман мамилени, ачуу сөздөрдү “мураска” алышат.

Физикалык жактан зомбулукка кабылгандары, өз үйүнөн куулгандары, кээде үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан өлтүрүлгөндөрү да кездешет. Айрым өлкөлөрдө аялдын коомдогу орду күйөөсү менен байланышта болуп, жолдошу каза болгондон кийин аял эч ким эмес болуп калат. Статуска ээ болуп, эл катары күн көрүш үчүн маркум күйөөсүнүн туугандарынын бирине турмушка чыгууга туура келет. Бул көбүнчө аялдын эркине каршы ишке ашырылат.

Дүйнөнүн айрым жерлеринде болсо жесир калуу-бул каргышка калуу деп эсептелип, сыйкырчылык менен байланыштырылат. Мындан улам, жолдошунан калган аялдар зөөкүрчүлүктүн, зомбулуктун баарын башынан өткөрүүгө мажбур.

БУУ тарабынан белгиленген жесирлердин Эл аралык күнү алардын абалын жакшыртууга, көңүл бурууга, күйүтүн басып, жаңы жашоо баштоого жардам берүүгө арналган. Бул аракет алардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, зарыл болгон саламаттыкты сактоо жана агартуу тармагындагы кызматтарды алууга, жумуш менен камсыз болууга мүмкүнчүлүк берет. Коопсуз жашап, жакырчылыктан чыгууга жол ачат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген