Мен Билем: Жеке маалыматтарыңызды интернетке бөлүшүүдөн абайлаңыз

“Мен Билем” долбоорунун бул чыгарылышында интернетке жеке маалыматтарды жайгаштыруунун кооптуулугу боюнча сиз билбеген маалыматтар менен бөлүшөбүз. Сиздин кызыктырган сууроолордун баарына төмөндөгү макаладан жооп алсаңыз болот.

Учурда социалдык тармактар тездик менен өнүгүүдө. Алардын пайдасы менен кошо зыяндуулугу да бар. Өзүңүздүн баракчаңызга жеке маалыматтарыңызды жазбаганыңыз оң. Себеби аны башка адамдар ар кандай максатта колдонуусу мүмкүн.

Төмөндө Кыргыз Республикасынын 2010- жылда кабыл алынган конституциясынын 29-беренесин келтиребиз.

  • Ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын корголушуна укуктуу.
  • Ар бир адам кат-кабар алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграфтык, электрондук дагы бөлөкчө жол менен кабарлашуулардын купуялуулугуна укуктуу. Бул укуктарды чектөөгө мыйзамга ылайык жана сот актысынын негизинде гана жол берилет. Ушундай эле тастыктоо жарандык кодекстин 20-статьясынын биринчи бөлүгүндө да көрсөтүлгөн.
  • Мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары адамдын макулдугусуз анын жеке турмушу тууралуу маалыматты, жашыруун маалыматты жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга жол берилбейт.
  • Ар бир адамга купуя маалыматты, адамдын жеке турмушу жөнүндө маалыматты укук ченемсиз жыйноодон, сактоодон, жайылтуудан коргоо, анын ичинде соттук коргоо кепилденет, ошондой эле укук ченемсиз иш-аракеттер менен келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуртуп алуу укугуна кепилдик берилет.

Макаланын видео версиясы бул жакта

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.