Мен Билем: “Түндүк” электрондук порталы кандай кызмат аткарат?

“Мен Билем” долбоорунун бул чыгарылышында «Түндүк» электрондук порталы боюнча маалымат беребиз.

«Түндүк» ведомстволорлор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму – бул мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, ошондой эле юридикалык жактарга, жарандарга жана уюмдарга электрондук түрдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды сунуштоо үчүн зарыл болуучу маалыматтар менен алмашууга мүмкүндүк бере турган маалыматтык тутум.

«Түндүк» долбоорунун максаты – мамлекеттик бийлик органдарында башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, коррупцияны олуттуу кыскартуу, жарандар жана ишкерлер үчүн аныкталган маалыматтарды алууну автоматташтыруунун жана камсыздоонун, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүлөрдүн сапаттуу жана ыкчам колдонуунун эсебинен бюрократиялык бөгөттөрдү төмөндөтүү.

Маалыматтарды электрондук система аркылуу тактоо, текшерүү кызматы 2018-жылы ишке кирип, порталдан 132 кызматты пайладануу жеткиликтүү.

Түндүк электрондук порталындагы кызматтарды кыргыз, орус тилдеринде пайдалана аласыз.

Программанын алкагында мамлекеттик, муниципалдык ишканалардагы маалыматтардын бардыгы электрондук порталга жайгаштырылып бүтө электиги айтылды. Ошондуктан колдонуучулар айрым бир маалыматтарын издегенде системадан таба албай калган учурлар кездешүүсү мүмкүн.

Белгилей кетсек, портал жыл сайын кошумча кызматтар менен толукталып жатат. Маселен, кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө алуу боюнча кызмат көрсөтүү, автоунаанын техникалык кароодон өткөндүгүн жана айып пулдар жөнүндө маалыматтарын текшерип алууга болот.

  • Эгер сиз “Түндүк” электрондук порталынын колдонуучусу болсоңуз, анда телефон номуруңузду жана электрондук почтаңыздын даректерин өзгөртпөй колдонуу сунушталат.
  • Себеби электрондук порталдан сурамжылоо жиберген кызматтардын түрлөрү даяр болгондо телефон номуруңузга СМС билдирүү аркылуу кабарланат. Маселен, соттолбогондугуңуз тууралуу маалымкат алууга билдирүү жиберсеңиз.
  • Эгерде аталган портал жүктөлгөн уюлдук телефонуңузду жоготуп алсаңыз, дароо калкты тейлөө борборлоруна барып логин менен сыр сөздү өзгөртүп коюңуз.
  • Телефонуңузду жат адам таап алса, электрондук почтаңызда сакталып турган логин, сыр сөз аркылуу жеке кабинетиңизге кирип, сиз тууралуу бардык маалыматтардан кабардар боло алат.

Белгилей кетсек, коопсуздукту күчөтүү үчүн ушул жылдын 15-мартынан порталдагы жеке кабинетиңизге кирүү эки этаптан туруп калды.

  • Биринчиси – бирдиктүү идентификациялоо системасынын логини жана сыр сөзү аркылуу тастыктоо;
  • Экинчиси – тастыктоодон кийин сизге СМС же почтаңыз аркылуу алты номерлүү код (сыр сөз) келет. Бул кодду киргизүү аркылуу порталды колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз.

“Түндүк” электрондук порталы үч жыл мурун негизделип, учурда 123 кызматты пайдалануу жеткиликтүү.

  • Жыл сайын портал кошумча кызматтар менен толукталып жатат.
  • Мисалы,  кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө алуу боюнча кызмат көрсөтүү кошулду.
  • Бул көчүрмө сурамжылоо жиберген колдонуучулардын кыймылсыз мүлкү бар экендигин жана ал турак жайга ээлик кылуу укугун ырастоочу документ болуп эсептелет.
  • Ошондой эле автоунаанын техникалык кароодон өткөндүгүн, айып пулдар жөнүндө маалыматтарын эми “Түндүк” аркылуу эле текшерип аласыз.
  • Дарыгерлердин кабыл алуусуна мамлекеттик портал аркылуу электрондук кезеккке жазылууга болот.
  • Аталган кызмат медициналык мекемелердин дареги, байланыш номерлери боюнча дагы маалымат алууга мүмкүндүк берет.
  • Мындан тышкары жарандар маданий баалуулуктарга кирбеген буюмдарды чет мамлекеттерге алып чыгуу үчүн арызды маданият министрлигине электрондук түрдө  жиберсе болот.
  • Маалымкат үч жумушчу күндүн ичинде берилет.
  • Колдонуу мөөнөтү берилген күндөн тартып 3 айды түзөт.
  • Дыйкан чарбалардын каттоосун текшерүү, берилген патенттердин тарыхын текшерүү сыяктуу кызматтарды пайдалануу жеткиликтүү.
  • Эскертсе кетсек, “Түндүк” электрондук порталына 16 жаштан жогору Кыргыз Республикасынын ар бир жараны катталууга укуктуу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.