Мен Билем: Социалдык тармактарга кантип катталабыз?

Учурда дүйнөдө социалдык тармактын бир нече түрү бар. Алардын ар биринин катталуучуларынын саны да түрдүү, коомго кенен жайылып, өзүнө бир топ адамдарды көз каранды кылып алганы, ачылгандан соң көп убакыт өтпөй эле кайра ишмердүүлүгүн токтоткондору да жок эмес. “Мен Билем” долбоорунун бул жолку чыгарылышында дал ушул социалдык тармактарга катталуу жолдорун баяндап беребиз.

Сиздерге SMM адиси Өмүркан Бакыт кызынын маалыматтарын сунуштайбыз.


Өмүркан Бакыт кызы –
SMM адиси

Азыркы телефондор мурдагыдай эмес. Тагыраагы мурда телефондорду “учетный записи” жок эле иштетсе болот эле. Ал эми азыр кайсы гана системадагы телефон болбосун, ага сөзсүз түрдө электрондук почтабызды жазышыбыз керек болот. Бул телефонду жоготуп алсак дагы жардам берет. Ошол аккаунт аркылуу таап алсак болот. Ошондуктан “учетный записке” жазылган почтаны эске сактап же болбосо ишенимдүү жерге жазып коюу керек.

Сиз социалдык тармактын кайсы гана түрүнө болбосун катталам деп турган болсоңуз, анда логинге өзүңүздүн аты-жөнүңүздү гана жазыңыз. Себеби почтаңыз жабылып же хакерлердин чабуулуна учураган болсо, паспортуңуз аркылуу далилдеп кайтарып алууга акылуусуз.

Сыр сөздү латын тамгалары жана сандар менен аралаштырып татаал формада түзгөнүңүз жакшы. Мисалы, Jazkeldi202. Бул сиздин коопсуздугуңуздун бир кепили болуп берет.

Негизги бетке башкалардын, ар кандай сүрөттөрдү эмес, өзүңүздүн сүрөтүңүздү гана коюу сунушталат. Сыр сөзгө толуктоо иретинде жана бардык аккаунттарыңыздын кошумча коопсуздугу үчүн кош факторлуу далилдөөнү жандырып коюңуз.

Негизгиси почтаңыздын логин, сыр сөзүн эстеп калыңыз. Анткени интернет жабдыгыңызды жаңысына алмаштырганда да ошол эле даректи пайдалансаңыз, мурунку электрондук шаймандагы сүрөт, телефон номурларды өткөрүп аласыз.

Аккаунтуңузду уурдатып койгондон абайлаңыз!

  • Маселен, шылуундар дайректен логин менен паролуңу жазып бер деген сыяктуу СМС каттарды жибериши мүмкүн.

  • Эгерде сиз алданып баардык маалыматтарды берсеңиз, анда кайтарып берүүгө акча сурап жазышат. Бул сыяктуу жагдайларга туш болсоңуз анда дароо SMM адистерине кайрылыңыз.

  • Ошондой эле сиздин аты-жөнүңүз же сүрөтүңүздү башка колдонуучулар руксаатсыз пайдаланышы ыктымал. Мындайда өздүгүңүздү тастыктоо аркылуу фейзбук, инстаграм, кайсыл социалдык тармак болсо да ошол компанияга арызданууга укуктуусуз.

  • Электрондук дарегиңизде телефон номуруңуз, жашаган дарегиңиз сыяктуу маалыматтар керт башыңызга же кызмат абалыңызга кооптуулук жараткан болсо анда өчүрүп коюңуз.

  • Интернет кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдерлери, эреже катары системага кирүү, ишке ашырылган ар кандай шаймандардын жана сиздин аккаунтуңузга кирүүгө мүмкүндүгү бар тиркемелердин тизмесинин жайгашуу ордун карап чыгууга мүмкүндүк берет. Мисалы, башка бирөөнүн компьютер, телефонунан өзүңүздүн аккаунтруңузга кирип, чыгууну басууну унутуп калсаңыз. Мындай шектүү жагдайды байкап калсаңыз, анда сыр сөздү алмаштырыңыз.

Макаланын видео версиясы бул жакта:

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.