Мен Билем: Шайлоочунун укугу

“Мен Билем” долбоорунун бул чыгарылышында шайлоочулардын укуктары боюнча сиз билбеген маалыматтар менен бөлүшөбүз. Сиздин кызыктырган сууроолордун баарына төмөндөгү макаладан жооп алсаңыз болот.

Кыргызстан боюнча шайлоого укуктуу жарандардын 90 пайызы биометрикалык маалыматтарын тапшырды. Жалпы 3 миллион 699миң 46 жаран шайлоого катыша алат.

Шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматтарды эркин жана тоскоолдуксуз алуу үчүн www.tizme.gov.kg сайтын пайдалансаңыз болот.

Ошондой эле бул порталдан шайлоочунун “жеке кабинети” аркылуу жеке маалыматтарыңыз так же каталар менен жайгаштырылганын биле аласыз.

“Жеке кабинетке” паспорттогу персоналдык номер аркылуу катталсаңыз болот.

Эгерде электрондук каттоо жана башка түшүнбөстүктөргө туш болсоңуз, анда 119 номуруна байланышыңыз.

Ал эми угуусунда жана сөз сүйлөөдө бузулуулары бар шайлоочулар0996-550-011255 whatsapp номери кайрылып, өз суроолоруна жаңдоо тили менен жооп алууга укуктуу.

Шайлоо участогунда техникалык жабдуулардын иштөөсүндө мүчүлүштүктөр орун алса, шайлоочу добуш берүүдөн четтеп калышы ыктымал.

Маселен, ал биометрикалык маалыматтарын тапшырган, шайлоочулардын тизмесинде бар болгон учурда да техникалык аппарат идентификациялай албай анын негизинде чек берилбесе, добуш берүү укукгунан ажырайт.

Мындай учурда техника бузулду деген гана акт түзүлөт жана ал шайлоочу шайлоого катыша албайт.

Ошондой эле алыскы тоолуу аймактарда добуш бергендердин саны жөнүндө маалыматтар менен  ылдам таанышууга мүмкүнчүлүк жокко эсе.

Себеби тоолуу өрөөндөрдө интернет, байланыш начар иштейт жана бул сыяктуу көйгөйлөр дагы деле бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.