Мен Билем: Санариптик укук деген эмне?

Санариптик укук – бул биздин жашоого кирип жаткан жаңы түшүнүк. IT маалыматтык технологиялар менен байланыштуу болгон укуктун бир тармагы. Бул  боюнча Кыргызстандын мыйзамында атайын бир бөлүк жок – ар түрдүү укуктардын “санарип” деген бөлүктөрүнө карап кетет.

Интернет тармагында колдонуучунун аракети – санариптик укук. Мисалы, сиз бир нерсе жазсаңыз, ал нерсе интернетке сакталып калат. Бул сиздин провайдериңиз. Сиз кандай кыймыл кылсаңыз, анын баары сакталат.

Эгерде көчөдө мыйзам бузсаң, ага карата чара көрүлөт. Интернет тармагында дагы ошондой – туура эмес нерсе жазсаң, мыйзам бузуу болот. Бирөөнүн өздүгүнө туура эмес нерсе жазсаңыз, ал адам сизди сотко бере алат жана компенсация төлөтүшү мүмкүн. Ошондуктан чектөөлөргө көңүл буруу керек.

“Жеке маалыматтарыңызды жазууда абайлаңыз. Анткени, атайын базада сиз ким менен сүйлөштүңүз, качан сүйлөштүңүз баары сакталып турат”

Кыргызстандын жазык кодексинде кылмыш деп табылган нерселер бар. 113-беренеде дин, улут боюнча кастыкты козута турган сөздөр айтылып калса, ал кылмыш жоопкеричилигине тартылып калышы мүмкүн.

Экстремисттик матриалдарды таратуу болсо ( КР адилеттүүлүк министринин сайтында атайын экстримистик материалдардын тизмеси бар) дагы жоопко тартылат. Укук коргоо органдары мониторинг кылып социалдык тармактарды карап турушат. Эгер экстримистик материалдарды тараткандар кармалса, өздүгү такталып жоопко тартылышы мүмкүн.

“Санариптик укукту коргоо үчүн өз укуктарыңызды билүү зарыл”  

Кыргыз Республикасынын 2010- жылда кабыл алынган конституциясынын  29-беренеси:

  • Ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын корголушуна укуктуу;
  • Ар бир адам кат-кабар алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграфтык, электрондук дагы бөлөкчө жол менен кабарлашуулардын купуялуулугуна укуктуу. Бул укуктарды чектөөгө мыйзамга ылайык жана сот актысынын негизинде гана жол берилет. Ушундай эле тастыктоо жарандык кодекстин 20-статьясынын биринчи бөлүгүндө да көрсөтүлгөн;
  • Мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары адамдын макулдугусуз анын жеке турмушу тууралуу маалыматты, жашыруун маалыматты жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга жол берилбейт;
  • Ар бир адамга купуя маалыматты, адамдын жеке турмушу жөнүндө маалыматты укук ченемсиз жыйноодон, сактоодон, жайылтуудан коргоо, анын ичинде соттук коргоо кепилденет, ошондой эле укук ченемсиз иш-аракеттер менен келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуртуп алуу укугуна кепилдик берилет.

33-берене:

  • Ар ким маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен жайылтуу укугуна ээ;
  • Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 19-статьясы. Өз сүрөтүнө болгон укук:
  • Кандайдыр-бир адамдын жарыяланган фото сүрөт, кино фильмди бул адамдын макулдугусуз жарыялоого жана таратууга эч кимдин укугу жок. Сүрөттү жарыялоо жана таратуу мыйзамда белгиленген учурларда гана мүмкүн;
  • Эгерде сүрөттөгү адам акы үчүн сүрөткө түшсө, анын сүрөтүн жарыялоого жана таратууга ал адамдын макулдугу суралышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын жазык кодекси, 246-берене:

  • Терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо;
  • Жардыруу, өрттөө же адамдардын курман болуу, же болбосо башка оор кесепеттердин болуу коркунучун жаратуучу башка аракеттердин даярдалып жаткандыгы жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо;
  • IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы 2 жыл 6 айга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

315-берене, экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу:

  • Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, ташуу же берип жиберүү, же болбосо жайылтуу максатында аларды сатып алуу же сактоо, ошого тете экстремисттик уюмдардын символикасын жана атрибутикасын пайдалануу, ошондой эле Интернет тарамы аркылуу пайдалануу, – эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз II категориядагы, таагырагы 2 жыл 6 айдан 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

  • адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;
  • чет өлкөлүк коомдук бирикмелерден, диний, же болбосо башка уюмдардан же чет өлкөлүк жарандардан алынган каржылык же башка материалдык жардамды колдонуу менен, – үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз III категориядагы 5 жылдан 7 жыл 6 айга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.