Мен Билем: Санариптик өнүктүрүү министрлиги эмне жумуш аткарат?

“Мен Билем” долбоорунун бул чыгарылышында Санариптик өнүктүрүү министрлигинин аткара турган иштери боюнча сиз билбеген маалыматтар менен бөлүшөбүз. Сиздин кызыктырган сууроолордун баарына төмөндөгү макаладан жооп алсаңыз болот.

Кыргызстанда кайрадан Санариптик өнүктүрүү министрлиги деген мекеме түзүлдү. Министрлик санариптештирүү жана электрондук башкаруу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу менен алектенет.

Министрлик калкка кызмат көрсөтүүнү электрондоштуруу жаатында иш алып барат.

  • Учурда “Түндүк” порталында 127 онлайн кызмат жеткиликтүү.
  • 2022-жылы алардын саны дагы толукталат.
  • Ал үчүн учурда эл көбүрөөк кайсыл мамлекеттик кызматты пайдаланышат жана канча каражат сарпталат деген суроого изилдөө жүргүзүлүүдө.
  • Анын негизинде эң зарыл кызматтар электрондук форматка өткөрүлөт.
  • Бул жатта ой-пикир, сунуштарыңызды “119” ишеним телефону аркылуу да билдирсеңиз болот.
  • Ошондой эле калкты тейлөө жаатында коррупциялык көрүнүштөргө туш болсоңуз же мамлекеттик кызматтардын тейлөө сапаты сизди канааттандырбаса да кабарлоого укуктуусуз.
  • Адистер сиздин нааразычылык, сунуштарыңызды кароого тийиш.

Макаланын видео версиясы бул жакта

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.