Мен Билем: салыкты онлайн төлөөнүн жол-жоболору

Мен Билем” долбоорунун бул чыгарылышында салыкты онлайн төлөө боюнча сиз билбеген маалыматтар менен бөлүшөбүз. Сиздин кызыктырган сууроолордун баарына төмөндөгү макаладан жооп алсаңыз болот.

Салыкты онлайн төлөө үчүн алгач электрондук каттоодон өтүшүңүз керек болот. Ал үчүн  салык кызматынын https://sti.gov.kg расмий сайтына киресиз жана салык төлөөчүнүн кабинети деген бөлүмдү тандап, каттоодон өтүү баскычын басыңыз:

  • Бул жерден паспортуңуздун жеке номурун (ИНН), паспорттун сериясын, аты-жөнүңүздү жана каттоодо турган дарегиңизди толтурасыз.

  • Андан соң жеке кабинетиңиздин логин, сыр сөзүн (пароль) түзүп чыгасыз.

  • Толтурулган арызды кагаз түрүндө чыгарып, каттоого турган аймагыңыздагы салык кызматына барсаңыз салыктарды онлайн төлөөгө руксат берген чечим кагазын чыгарып берет.

  • Эскерте кетсек, сыр сөздү унутпаганга аракет жасаңыз.

  • Антпесе арызды кайра толтуруп, салык кызматына кайра кайрылууга туура келет.

  • Ошондой эле электрондук жеке кабинетиңиз түзүлгөндөн кийинки 120 күндүн ичинде пайдаланбасаңыз, автоматтык түрдө системаны пайдалануудан четтетилесиз.

Салыкты онлайн төлөөдө керектүү маалыматтар туура толтурулбаса сиздин төлөмүңүз аткарылды деп эсептелбейт!

  • Мындай учурда система кайсыл категориядан ката кеткенин көрсөтөт.

  • Анын негизинде дароо маалыматты кайрадан оңдоп жайгаштырыңыз.

  • Себеби акчаны артка кайтара албайсыз жана салыкты убагында берүү мөөнөтүн өткөрүп жиберишиңиз мүмкүн.

  • Мындай учурда салык кызматы жоопкерчиликти албагандыктан чыгашага дуушар болушуңуз ыктымал.

  • Ушул сыякту түшүнүксүз жагдайлар жаралса мамлекеттик салык кызматына кайрылыңыз.

  • 116 ишеним номуруна чалып, sti@sti.gov.kg электрондук дарегине кат жолдоп, жооп алганга укуктуусуз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.