Мен Билем: О! мобилдик оператору боюнча сизди кызыктырган суроолорго жооп

Мен Билем” долбоорунун бул чыгарылышында О! мобилдик оператору, андагы кызмат көрсөтүүлөр, тарифтик пландар боюнча сиз билбеген маалыматтар менен бөлүшөбүз. Сиздин кызыктырган сууроолордун баарына төмөндөгү макаладан жооп алсаңыз болот.

О! Мобилдик оператору – ѳлкѳнүн 99%дан ашык калкы жашаган камтуу аймагында 4G/3G/2G түйүндѳрүн камтыган Кыргызстандагы компаниялардын бири.

Компаниянын түйүндүк инфраструктурасы алдыңкы дүйнөлүк өндүрүшчүлөрүнүн жабдууларынын жана маалыматтык чечимдеринин негизинде курулган.

Түйүндүн  коммерциялык эксплуатациясы 2009-жылдын март айында башталган. 2014-жылы компания өлкөнүн мобилдик операторлорунун ичинен биринчилерден болуп 4G LTE түйүнүн ишке киргизген.

О! Мобилдик оператору  калктуу аймактын 99 пайызын  4G/3G/2G багытында байланыш менен камсыздаган.

  • Бирок байланыш жеткиликтүү болбогон тоолуу, алыскы аймактар бар.

  • Мындай жагдайга дуушар болгон аймактардын тургундары pr@nurtelecom.kg электрондук дарегине кат жөнөтүшсө болот.

  • Уюлдук компания абоненттердин суроо, кайрылууларына ылайык, 10 күндүн ичинде жооп жиберет.

  • Ошондой эле тейлөө сапаты боюнча сын-пикирлериңизди “706” кыска номуруна байланышып, айта аласыз.

  • Эгерде компания эскертүүсүз жаңы тарифти туташтырып койсо, анда сиз жогорудагы байланыш даректери аркылуу тарифтин артыкчылык же кемчиликтери боюнча билдирүүгө укуктуусуз.

  • Себеби уюлдук компаниялар жаңы тарифтерди колдонууга койо берээрден мурун өз абоненттеринен сурамжылоо жүргүзүүсү керек.

Макаланын видео версиясы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.