Мен Билем: Ноутбук, телефон сатып алууда эмнелерге көңүл буруу зарыл?

Учурда электрондук жабдыктар тездик менен көбөйүп, улам жаңысы иштелип чыгууда. Ошого жараша анын кардары дагы арбын. Бизде дагы уюлдук телефон, ноутбук, планшет жана ушул сыяктуу жабдыктарды саткан дүкөндөр көп. “Мен Билемдин” бул жолку чыгарылышында аталган электрондук жабдыктарды сатып алууда эмнелерге көңүл бурууңуз керектигин айтып беребиз.

Кайсы гана буюмду сатып албаңыз, сиз соода кылган дүкөн сизге сатып алгандыгыңыз жөнүндө эсеп кагазын жана кепилдик кагазын бериши керек. Ошондо гана сиз алган телефонуңуз (товардын кайсы түрү болсо дагы) бузук же заводдон кемчилиги менен чыкса, фирмалык дүкөндөргө барып оңдото аласыз. Алар сизден алгандыгыңыз жөнүндө эсеп кагазын жана кепилдик кагазын талап кылат.

Эске алыңыз, эгер сиз колдонулган телефон сатып алууга ниеттенип жатсаңыз, сатуучудан телефондун кутучасы менен документин талап кылыңыз. Ал сизге жогоруда айтылган нерселерди көрсөтө алса гана товар чын эле ошол адамга тиешелүү экендиги анык болот.

Эл аралык сертификациянын талаптарына ылайык, электрондук жабдыктардын адамга тийгизген зыяндуулугу, системасынын туруктуулугу жана суу-чаң кирсе бузулбай тургандыгы боюнча документинде көрсөтүлүшү керек.

Учурда уюлдук телефондор системасынын түзүлүшүнө карата iOS жана Android болуп эки түргө бөлүнөт. iOS системасындагы телефондорду Apple компаниясы чыгарат жана алар ушул компаниянын системасы менен иштейт. Ал эми Android системасы “Гуглга” тиешелүү. Apple компаниясы чыгарган продукциялардын баасы бир топ жогору болот.

Эскертүү!

  • Өзүңүздүн электрондук  шайманыңызды PIN-коддун жардамы менен блоктоңуз. Сиздин идентификацияланган жеке номуруңуз, башкача айтканда сыр сөзүңүз канчалык татаал болсо, аны бузуп кирүү ошончолук кыйынга турат;
  • Электрондук жабдыгыңызды коомдук жайларда кубаттандырып алуу үчүн кароосуз калтырбаңыз;
  • Сизге башка бирөөлөр сунуштаган кубаттандыруучу шаймандарды,  USB-топтогучту пайдаланбаңыз.  Себеби, аларда зыяндуу ПК (программалык камсыздоо) болушу мүмкүн;
  • Программалык камсыздоону үзгүлтүксүз жаңылап туруңуз. Сиз орноткон соңку программалык камсыздоо сизди зыяндуу жана шпиондук программалардан мыкты коргоого жардам берет;
  • Шаймандарды колдонулбаган учурда өчүрүп коюңуз.

Макаланын видео версиясы бул жакта.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.