Мен Билем: Мегаком тарифтик пландар өзгөрөөрдөн 10 күн мурда кабарлайт

Мен Билем” долбоорунун бул чыгарылышында «Альфа Телеком» жабык акционердик компаниясынын (ЖАК) тагыраагы, Мегаком компаниясы, андагы кызмат көрсөтүүлөр, тарифтик пландар боюнча сиз билбеген маалыматтар менен бөлүшөбүз. Сиздин кызыктырган сууроолордун баарына төмөндөгү макаладан жооп алсаңыз болот.

Сиз балансыңызды, анын ичинде коротулган чыгымдарды өзүңүз көзөмөлдөп тура аласыз. Буга  Мегакомдун “Mega24” электрондук тиркемеси жардам берет:

  • Ал үчүн тиркемеден кабинет бөлүмүнө киресиз.

  • Сап башында баланстын учурдагы абалы боюнча маалымат чыгат.

  • Андан ары сиз  колдонуп жаткан тарифтин кайсыл күнгө чейин активдүү экени тууралуу жана аракеттеги кызматтардын статустарын текшерүү мүмкүн.

  • Баса, бул жерден сиз кызматтардын акылуу же акысыз экенин билсеңиз болот.

  • Анын негизинде каалаган кызматтарды өчүрүп же башка кызматтарды компаниянын тейлөө борборлоруна барбастан туруп өзүңүз кошуп алганы укуктуусуз.

  • Мындан сырткары өткөн айдагы жана ушул айдагы чыгымдардын эсебинен кабардар боло аласыз.

«Альфа Телеком» компаниясы эреже боюнча тарифтик пландар өзгөрөөрдөн 10 күн мурда кабарлайт.

Маалыматтар абоненттерге СМС билдирүү катары, компаниянын megacom.kg расмий сайтына жана “Кыргыз Туусу”, “Эркин Тоо” гезиттеринде чыгып турат.

Мисалы,  «СуперЫңгайлуу 80» топтомунун аталышы 2021-жылдын 1-июнунан тартып «СуперЫңгайлуу 95» деп өзгөртүлөт.

Топтом үчүн төлөмдүн баасы 7 күнгө 95 сомду түзөт деген  сыяктуу маалыматтар.

Негизинен  мындай учурларда  топтом үчүн абоненттик төлөмдүн баасы 10-15 пайызга чейин жогорулайт.

Анын эсебинен абонентер түйүндөн сырткары чалууларга көбүрөөк акысыз мүнөттөр жана мурдагыдан көп интернет көлөмүнөн пайдалана алышат.

Белгилей кетсек, сиз мегакомдун абоненти катары кол койгон байланыш кызматтарын көрсөтүү келишиминде бул маалыматтар тизмектелген.

Мында тарифтик пландардын, кошумча кызматтардын жана башка байланыш кызматтарынын аракет мөөнөттөрү оператор тарабынан өз алдынча аныкталат деп көрсөтүлгөн.

Макаланын видео версиясы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.