Мен Билем: Медициналык мекемелерге онлайн кезекке туруунун жол-жоболору

“Мен Билем” долбоорунун бул чыгарылышында үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлерине онлайн кезекке туруу боюнча сиз билбеген маалыматтар менен бөлүшөбүз. Сиздин кызыктырган сууроолордун баарына төмөндөгү макаладан жооп алсаңыз болот.

Кыргызстанда медицина борборлоруна электрондук кезекке туруу  системасы эки жыл мурун иштей баштаган. Бирок, ушул күнгө чейин Бишкек,  Ош шаарларынан башка аймактарында система толук ишке түшө элек.

Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлерине электрондук түрдө жазылуу үчүн  registratura.med.kg сайтына киресиз. Порталдын башкы бетинде дарыгерге жазылуу бөлүмүнө ID картадагы жеке номурду жана телефон номуруңузду жазасыз.

Андан аркы кадамдар:

  • Жеке маалыматтарыңыз толтурулгандан соң сиздин кайсыл аймактагы, канчанчы үй-бүлөлүк медицина мекемесинде каттоого алынганыңыз чыгат.
  • Анын негизинде сиз кайсыл дарыгерге жана кайсыл күнү, саат канчада барарыңызды толтуруп коесуз.
  • Жыйынтыгында электрондук кезекке турганыңызды далилдеген талон менен дарыгердин көзөмөлүнө барсаңыз болот.
  • Эгерде  ошол убакытка башка маанилүү иштериңиз чыгып кала турган болсо, анда баш тартуу дегенди көрсөтүп коюңуз.
  • Сиз жазылган саатта башка дагы жарандар кезек күтүп турган болсо, электрондук түрдө кезекке жазылганыңыз үчүн сизге артыкчылык берилет.
  • Тактап айтканда, белгиленген мөөнөттө тоскоолдуксуз медициналык көзөмөлдөн өтө аласыз.

Эске салсак, жарандардын басымдуусу дарыгерлерге онлайн жазылуу ыкмасын колдонушпайт.

Жалпылап айтканда, электрондук кезекке туруу медицинада 10-15 пайыз гана ишке ашты.

Ошондуктан медициналык мекемелерде бейтаптардын кезек күтүүлөрү азайган жок.

Эгерде электрондук кезекке турууда сиз түшүнбөгөн жагдайлар жаралса, анда саламаттыкты сактоо министрлигинин “113” номуруна байланышып, тактап алууга укуктуусуз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.