Мен Билем: Кыргызстандагы коммерциялык банктардын ишмердүүлүгү

“Мен Билем” долбоорунун бул чыгарылышында Кыргызстандагы коммерциялык банктардын ишмердүүлүгү боюнча сиз билбеген маалыматтар менен бөлүшөбүз. Сиздин кызыктырган сууроолордун баарына төмөндөгү макаладан жооп алсаңыз болот.

Кыргызстанда азыркы учурда 23 коммерциялык банк ишмердүүлүк жүргүзүп жатат. Алардын жалпы кирешеси өткөн жылы 4 млрд 76 млн 245 миң сомду түзгөн.

Коммерциялык банктар менен келишим түзөрдө алгач  келишим кагазы менен дыкат таанышып чыгыңыз. Бул сиздин кызматтарды колдонууда түшүнбөстүктөргө дуушар болушуңуздун алдын алат.

Маселен, сиздин эсебиңизге акча которулганы, СМС билдирүү сыяктуу кызматтарга акы төлөп калышыңыз ыктымал. Тагыраагы, сизге келген билдирүүлөр үчүн эсебиңизден автоматтык түрдө акча төлөнүп калат. Эгерде мындай кызматтар сизге зарыл эмес болсо, коммерциялык банкка кайрылып, баш тартууга укуктуусуз.

Коммерциялык банктардын кызматтарын пайдаланууда керектөөчүлөрдүн укугу жарандык кодекстин негизинде корголот.

  • Акча которуу кызматтары үчүн коммерциялык банктарга кошумча төлөм бир пайыздан жогору болбоосу кажет.
  • Эсептен ашыкча акча алса жана бул сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге туш болсоңуз, кызмат көрсөткөн банкка жазуу түрүндө кайрылыңыз.
  • Банктагы даттануу китепчесине арыз, сунуштарыңызды жазсаңыз болот. Мыйзам боюнча сиздин билдирүүңүз 30 календардык күндүн ичинде каралууга тийиш.
  • Эгерде коммерциялык банк тарабынан жооп келбесе, Улуттук банкка кайрылыңыз. Улуттук банктын кардарларды күнү-түнү колдоо борборунун (312) 664 325, (312) 637 696  номерлери иштейт. Ошондой эле www.nbkr.kg сайтынан керектүү маалыматтарды ала аласыз.

Макаланын видео версиясы бул жакта

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.