Мен Билем: Кыргызстандагы интернет-провайдерлер кандай иштейт?

“Мен Билем” долбоорунун бул чыгарылышында Кыргызстандагы интернет-провайдерлер боюнча сиз билбеген маалыматтар менен бөлүшөбүз. Сиздин кызыктырган сууроолордун баарына төмөндөгү макаладан жооп алсаңыз болот.

Кыргызстанда 75 интернет-провайдери ишмердүүлүк жүргүзөт. Ушунча интернет провайдерлер болгону менен өлкөнүн кабелдик интернет тартылбаган аймактары бар. 

Адистер тоолуу аймактарга интернет зымдарын тартып жеткирүү үчүн чоң каражат талап кылынарын айтышат.

Эгерде интернет зымдары сиз жашаган аймактан 5-6 чакырым алыстан тартылып өткөн болсо, анда өзүңүз жалгыз интернет тарттырып келе албайсыз. Мындайда жок эле дегенде 10 кожолук интернетке туташуу боюнча арыз жазышы керек жана айыл өкмөттөрдөн каржылык колдоо талап кылынат.

Мына ушул сыяктуу маселелердин натыйжасында алыскы, тоолуу өрөөндөрдө интернет маселеси күч бойдон калууда.

Интернет-провайдерлер кандай иштейт?

  • Маселен, сиз бир айлык мөөнөткө чексиз интернет пакетин сатып алдыңыз. Бирок, айрым күндөрү интернет иштебей калган учурлар болду.

  • Мындай учурда сиз колдонуп жаткан  интернет-провайдердин адистерине арыз менен кайрыласыз.

  • Андан соң электрондук системадан интернет эмне үчүн, канча убакытка иштебей калганы текшерилет.

  • Эгерде компаниянын катачылыгы менен интернет үзгүлтүккө учураганы аныкталса, анда кайра толукталып берилет.

  • Тактап айтканда, кийинки айда төлөөчү суммадан кыскартылат.

  • Алсак, интернетке ар ай сайын 1000 сомдон төлөп келсеңиз, келерки айда 700 сом гана төлөшүңүз керек болот.

  • Бул эреже Кыргызстанда иштеп жаткан бардык интернет провайдерлерде жеткиликтүү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.