Мен Билем: кимдир бирөөнү шылдыңдаган, каралаган маалыматтарды бөлүшүүдөн абайлаңыз

XXI кылым – маалыматтын кылымы. Социалдык тармактарда, маалымат булактарында күнүнө миңдеген ар кандай маалыматтар таратылат. “Мен билем” долбоорунун бул жолку чыгарылышында дал ушул маалымат алуу жана аны таратуудагы эрежелер жөнүндө айтып беребиз.

Медиа жаатындагы адистердин айтымында, ар бир эле жаңылыкка ишене берүү такыр туура эмес. Себеби чын маалыматтар менен чогуу эле фейк жаңылыктар дагы тарап жатат.

“Маалыматты расмий жана официалдуу булактардан алуу зарыл”

Маалымат чын же калп экендигин билүү үчүн төмөнкүлөрдү эске алыңыз:

  • Биринчи кадам – маалыматтын темасына маани бериңиз.Көбүнчө жалган кабарларда провакацияга алдыруучу темалар коюлат. Мисалы, “Шок! Баткенде кайра чек ара чыры башталды”.
  • Экинчи кадам – ошол теманы окуп эле чечим чыгарып койбоңуз.
  • Маалыматты толук окуганга аракет жасаңыз жана маалымат булагына назар салыңыз. Эгерде жеке булактарга таянып жазылган кабар болсо, ага ишенбегениңиз оң.
  • Такталган, чын маалыматтарды негизинен мекеме-ишканалардан жана алардын атайын маалымат бөлүмдөрү таратат. Ошондой эле алардын   официалдуу баракчаларынан, сайтынан алсаңыз болот. Мисалы, өлкө башчысынын расмий сапарлары, кол койгон чечимдер жана ал жөнүндө жалпы жаңылыктар president.kg сайтында болот.
  • Үчүнчү кадам – сиз окуп жаткан кабардын автору буга чейин кандай маалыматтарды жаратып, жарыялап  жүргөнүн текшерип көрүңүз.

Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 89-беренеси;

Журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу

1. Журналистти маалымат жайылтууга же жайылтуудан баш тартууга мажбурлоо жолу менен журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу – I категориядагы 400дөн 600гө чейинки эсептик көрсөткүч айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

130-берене, порнографиялык мүнөздөгү предметтерди таратуу

Сатуу максатында порнографиялык мүнөздөгү чыгармаларды, сүрөттөрдү же башка предметтерди ташып келүү, даярдоо, ташуу же башкача которуштуруу же болбосо жарнамалоо, буга тете эле, мындай предметтерди сатуу же башкача таркатуу – белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы 600дөн 800гө чейинки эсептик көрсөткүч айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

Жазык кодексинин 313-беренеси;

Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу, ачык же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу, ошондой эле интернет тарамдарынын жардамы менен жасалса – III категориядагы 5 жылдан 7 жыл 6 айга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

“Сизге келген маалыматты дароо таратуудан карманыңыз”

Расмий, такталган гана кабарларды бөлүшкөнүңүз – бул сиздин коопсуздугуңуздун кепили.

Маселен, экстремисттик маанайдагы материалдарды тараткандар 2 жыл 6 айдан 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.

Фотошоп белгилери бар сүрөттөрдү жана кимдир бирөөнү шылдыңдаган, каралаган маалыматтарды бөлүшсөңүз, мыйзам иш аракеттерге аралашкан болосуз. Тактап айтканда, жабыркаган адамдар жарандык тартипте сотко бериши ыктымал.

Мындайда абийирине шек келди деген аныктама менен компенсация төлөп сиз тараткан материалдарды төгүндөп берүүгө милдеттендирилесиз.

Ал эми маалымат жаратууда сиз өткөрүлчү иш-чара тууралуу алдын ала кабардар болушуңуз зарыл болот. Өткөрүлгөн күнү, сааты жана дареги боюнча.

Негизгиси иш-чаранын максаты менен ал иш-мерчемге кимдер катышуусу тууралуу маалыматтардын толук болуусу кабар жаратууңузга жеңилдик болуп берет. Мисалы: эртең, 1-июнда саат 10:00до, Ош шаардык борбордук аянтында “Балдарды коргоо” күнүнө карата майрамдык салтанат уюштурулат. Иш-чарага мектептин мыкты окуучулары жана бала-бакчалардан жалпы 100 бала катышат. Майрамда шаар мэри балдарды куттуктап, белек-бечкектерди ыйгаруусу күтүлүүдө.

Макаланын видео версиясы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.