Мен Билем: Биометрикалык паспорттун коопсуздугу

Мен Билем” долбоорунун бул чыгарылышында биометрикалык паспортту колдонуу жана андагы сиз билбеген маалыматтар менен бөлүшөбүз. Сиздин кызыктырган сууроолордун баарына төмөндөгү макаладан жооп алсаңыз болот.

Биометрикалык паспорт сырткы көрүнүшү боюнча кадимки эле паспортко окшош. Бир гана айырмачылык, биометрикалык паспортко документ ээсинин сүрөтү, жеке маалыматтары: аты-жөнү, туулган датасы, паспортту алган жана мөөнөтү бүтө турган даталар, паспорттун номери жана башка ар кандай кошумча маалыматтар камтылган атайын микросхема орнотулат.

Аталган паспорттун артыкчылыгы – паспорт менен жумуш бүтүрүү процесстеринде кезек күтүү узакка созулбайт. Себеби андагы маалыматтарды атайын аппараттын жардамы менен автоматтык түрдө көчүрүп алууга болот.

Ошондой эле өздүк маалыматтарды (мисалы, бойдоктор турмуш кургандыгы же жарандын жер которгондугу тууралуу жана башка маалыматтарды) киргизип же өзгөртүүгө мүмкүн.

Кыргызстан биометрикалык маалымат үчүн көздүн кубулмалуу челинин сүрөтү, 10 манжанын изи жана санариптик сүрөттү киргизүү керектигин тандашкан. Бирок бул азырынча акыркы чечим эмес.

Сиз барган мекеме-ишканада биометрикалык паспортуңуздагы жеке маалыматтарды окуй ала турчу жабдуу жок болсо кагаз түрүндөгү маалымкат чыгарып жүрүүңүз шарт эмес.

Биометрикалык паспортту колдонуу жолдору жана анын артыкчылыгы

Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук түндүк порталын (portal.tunduk.kg) пайдалансаңыз болот. Порталга катталуу үчүн калкты тейлөө борборуна барасыз. Адистер паспортуңуз аркылуу сизге логин, сыр сөз (пароль) беришет. Сөзсүз түрдө электрондук почтаңыз керектелет. Болду, даяр. Сизге түндүк порталынан жеке кабинет берилет.

“Эми сиз өзүңүз тууралуу жеке маалыматтарды ала аласыз”

  • Порталда жашаган дарегиңиз, үй-бүлөлүк абалыңыз, иштеген жериңиз тууралуу маалымкаттардын 25 түрүн пайдалануу жеткиликтүү.
  • Бул системаны уюлдук телефонуңузга жүктөп алсаңыз да болот.
  • Кадамдар мурункудан жеңилдеди. Эми мекеме-ишканаларга керектелген маалымкаттарды электрондук түрдө почта аркылуу жибере аласыз.
  • Белгилей кетсек, түндүк электрондук порталын биометрикалык паспорт колдонгондор гана эмес, 2004-жылда берилген үлгүдөгү паспорт ээлери жана пенсия жашындагы колдонуу мөөнөтү чектелбеген паспорт алган жарандар пайдалана алышат.

“Биометрикалык паспорттун микросхемасына жазылган жеке маалыматтарыңызды эч ким уруксатсыз пайдалана албайт”

  • Кайсы мекеме-ишканага барбаңыз биометрикалык паспорттогу чипте жайгаштырылган маалыматтарыңызды текшерүүнүн коопсуздугу камсыздалган. Маселен, банкка же нотариуска барсаңыз, жеке маалыматтарыңыз боюнча ар бир сурам системада сакталып калат.
  • Эгерде сиз тууралуу маалыматтар макулдугуңузсуз тарап кетсе, аныктап алууга болот. Мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу каралган.
  • Жазык кодексинин 186-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары, адамдын жеке жашоосу жөнүндө купуя маалыматты анын макулдугусуз мыйзамсыз жыйноо, сактоо, пайдалануу жана жайылтуу – IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

Макаланын видео версиясы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.