Мен Билем: Билайн компаниясы боюнча сизди кызыктырган суроолорго жооп

Мен Билем” долбоорунун бул чыгарылышында Билайн компаниясы, андагы кызмат көрсөтүүлөр, тарифтик пландар боюнча сиз билбеген маалыматтар менен бөлүшөбүз. Сиздин кызыктырган сууроолордун баарына төмөндөгү макаладан жооп алсаңыз болот.

Эгерде сизде уюлдук компаниянын айрым биз кызматтары тууралуу суроо жаралса, beeline.kg сайтынын жардам жана байланыш бөлүмүн пайданасаңыз болот.

Бул бөлүмдөн интернет иштебеген учурда эмне кылса болоорун жана Sim-карта жоголгондо эмне кылуу керек деген сыяктуу жоопторду алууга шарт бар.

Эгерде дагы башка суроолоруңузга жооп таба албасаңыз анда, кайрылуу калтыруу бөлүмүнө кириңиз.

Бул жерден сиз:

  • Интернет ылдамдыгы;

  • Менин балансымдагы акча каражаты кайда кетти;

  • Байланыш сапаты начар деген сыяктуу тематикалардын бирин тандап, жаралган маселе боюнча баяндап жазасыз.

  • Ошондой эле телефон номуруңуз менен дарегиңизди кошо көрсөтүшүңүз керек болот.

  • Акырында жөнөтүүнү басып коюңуз.

  • Адистер сиз кайрылган жагдай боюнча жооп беришет.

Эгер сиз Кыргызстандын аймагынан сыртка чыгууңуз зарыл болсо,  SIM-картаңызды жана номериңизди активдүү режимде сактап коюшуңуз керек болот.

Антпесе кийинки алты ай ичинде телефон номуруңуз күтүү режимине түшүп калат.

Эгерде калган алты ай ичинде паспортуңуз менен барып кайрадан номериңизди өз атыңызга жаздырып албасаңыз анда, уюлдук компания сиздин номерди башка абонентке каттап берүү укугуна ээ.

Ошондуктан чет мамлекетке кетээрден мурун номериңизди “Sim in safe”  тарифтик опциясына туташтырып койсоңуз болот.

Төлөм айына бир сомдон эсептелип, бир жылга 12 сомду түзөт.

Мында балансыңыздагы калган каражаттар дагы сакталып турат.

Макаланын видео версиясы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.