Мен Билем: Баланы бакчага электрондук кезекке тургузуунун жол-жоболору

“Мен Билем” долбоорунун бул чыгарылышында бала бакчага электрондук кезекке туруу боюнча сиз билбеген маалыматтар менен бөлүшөбүз. Сиздин кызыктырган сууроолордун баарына төмөндөгү макаладан жооп алсаңыз болот.

Балаңызды бакчага берүү үчүн электрондук кезекке balabakcha.edu.gov.kg онлайн платформасы аркылуу жайгаштырасыз. Бул кадамды аткарып бүткөндөн соң сизге берилген логин, сыр сөз аркылуу ушул эле платформанын ата-энелер кабинетинен кезекбоюнча улам маалымат алып турсаңыз болот.

Эгерде логин, паролду унутуп калган болсоңуз анда билим берүү министрлигинин аймактык башкармалыктарына кайрылыңыз.

Алардын телефон номурлары сайтка жайгаштырлган.

Балаңыздын кезеги жеткенде бакчага 100 пайыз акысыз жайгаштыраарыңызды унутпаңыз. Тактап айтканда, электрондук кезек паракорчулукту жоюу үчүн иштелип чыккан жана бакча кызматкерлери балдарды кабыл алууда акча талап кылганы мыйзамсыз.

Электрондук кезек боюнча доо арыз, суроо жана кайрылууңуз болсо анда balabakcha.edu.gov.kg сайтынын негизги бетинен билдирүү калтырсаңыз болот.

Эсиңизде болсун, сиз жашаган аймагыңызга карабай, балаңызды өзүңүз каалаган бала-бакчага электрондук кезек аркылуу бергенге укуктуусуз.

Макаланын видео версиясы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.