Мектептерде онлайн окутуу практикасы киргизилет

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде онлайн окутуу практикасын киргизүүнү пландап жатат. Бул салттуу билим берүү мейкиндигин кеңейтип, мугалимдердин иш ордунда отуруп эле кесипкөйлүгүн өнүктүрүү мүмкүндүгүн берет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында Ысык-Көл (Жунуш уулу Жапар орто мектеби) жана Нарын облусундагы (Нинакан Жүндүбаева атындагы-мектеп гимназиясы) мектептин 8-классынын окуучулары үчүн химия сабагы онлайн түрүндө өтүлдү.

Жаңыча ыкмадагы сабакты Билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын “Cекторду өнүктүрүү программасы: билим берүү системасын бекемдөө” долбоорунун колдоосу менен уюштурган.

Жаңы форматтагы билим алуу окуучуларга жагып, алар кийинки сабак качан болооруна жана башка предметтерден да ушул сыяктуу сабак өтүлүшүнө кызыгып жатышканы маалымдалды.

Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунда камтылган 30 инновациялык мектеп Кыргызстандын алыскы райондорунда жайгашкан. Өткөн жылы бул окуу жайлардын инфраструктурасы жакшыртылып, компьютердик, мултьтимедиалык техника, интернет менен камсыздалган. Мугалимдер предметтик билим берүүнүн жаңы стандарттары боюнча окуудан өтүшкөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.