Мектептер 12 жылдык окутууга өтүшү мүмкүн

Кыргызстанда мектептер 12 жылдык билим берүү  системасына өтүшү мүмкүн. Мындай кадам   билим сапатын жакшыртууга өбөлгө түзүп, окуучуларды жогорку окуу  жайга  өтүүгө жана   ар бир бүтүрүүүчүнү  турмушта керектүү кесипке ээ болууга   даярдайт дешет демилгечилер. Билим берүү министрлиги бул система дүйнөдөгү он өлкөнүн тажрыйбасы экиндигин белгилеп, окуу прграммаларын  иштеп жатат.

Билим берүү министрлиги билдиргендей, 12 жылдык окутуу  баланын жекече тандоосуна мүмкүндүк берет. 10-класстан баштап окуучунун жөндөмүнө жараша предметтер бөлүштүрүлөт. Келечекте  тандай турган кесиптерине жараша предметтер тереңдетилип окутулуп, калган гуманитардык сабактардын сааты азаят. Учурдагы окуу программасы баланын тандоосун эске албай түзүлүп,  бардык  сабактарды милдеттүү түрдө  окууга  аргасыз кылат.

Өлкөдө жалпысынан 2236 мектеп  болсо, алардагы билим сапаты ар түрдүү. Анткени,    эл аралык окуучулардын  билимин  текшерген уюмдар 2006-2009 жылдарда Кыргызстанды арткы  баскычтарда тураарын   аныктаган. Ал эми адистер окуучулардын билиминин төмөндөшүн бул тармактагы кемчиликтер менен байланыштырат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген