Мектепке электрондук каттоо долбооруна дагы беш шаар кошулат

2020-2021-окуу жылына карата балдарды мектепке электрондук каттоо системасы менен кабыл алуу Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок шаарларында жүргүзүлө баштайт.

Долбоорго кошулган шаарларда электрондук каттоо 15-февралдан башталат. Ал үчүн балдарын биринчи класска берүүнү көздөгөн ата-энелер mektep.edu.gov.kg порталына катталып, талап кылынган бош талааны толтуруп, керектүү документтерди тиркеши керек.

Учурда долбоорго катышкан беш шаарда тиешелүү органдар тарабынан даярдык иштери жүрүп жатат.

Бул система балдарды биринчи класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды азайтат. Ошондой эле ал ата-энелерге балдарын мектепке жазылуусун жеңилдетет.

Мектепке электрондук каттоо пилоттук долбоору 2019-2020-окуу жылында Бишкек шаарында башталган. Анын жардамында борбордогу мектептерге 19 126 окуучу биринчи класска кабыл алынды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген