Мектепке электрондук каттоо: арыздардын саны 10 миңден ашты

16-мартка карата “Мектепке электрондук каттоо системасы” аркылуу балдарды 1-класска кабыл алуу үчүн катталган арыздардын саны 10 333кө жетти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаары боюнча түшкөн арыздардын саны 9133тү түзүп, анын ичинен 4662 бала биринчи класска кабыл алынды.

2020-2021-окуу жылына балдарды электрондук түрдө мектепке каттоо Кыргызстандын алты шаарында ишке ашып жатат: Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок. Арыз калтыруу үчүн балдары 1-класска барчу ата-энелер, mektep.edu.gov.kg порталына катталып, тиешелүү документтерди тиркеши керек.

“Электрондук каттоодо быйыл өзгөрүүлөр бар. Эгер өткөн жылы алгачкы үч айда жазылуу бир гана микроучастоктордо жүрсө, быйыл бир мезгилде микроучасток боюнча да, андан сырткаркы аймактардагы мектептерге да жазылса болот. Ал 15-августка чейин уланат”, – деп айтылат маалыматта.

Мектепке электрондук каттоо пилоттук долбоору 2019-2020-окуу жылында Бишкек шаарында башталган. Анын жардамында борбордогу мектептерге 19 126 окуучу биринчи класска кабыл алынган.

Мектепке электрондук каттоо долбооруна дагы беш шаар кошулат

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген