Мектеп окуучулары үчүн онлайн-олимпиада өткөрүлөт

Ушул жылдын декабрь айынан тартып Билим берүү жана илим министрлиги онлайн режимде мектеп окуучуларынын альтернативалык олимпиадасын өткөрөт. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, олимпиада билим берүүнүн сапатын көтөрүү менен таланттуу балдарды табуу максатында өткөрүлөт.

Олимпиада математика, физика, химия, биология жана информатика предметтеринен өткөрүлөт. Ал эми буга чейин болуп келген кадимки олимпиада да өткөрүлүп, аны менен катар эле тандоо туру онлайн форматта башталат. Окуучулар үйдөн же мектептен туруп эле, предметтерди интернет аркылуу тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ал үчүн сайтка катталып, тапшырмаларды ийгиликтүү ишке ашырып кийинки турларга өтүшөт. Ар бир тур үчүн тапшырмалардын деңгээли жогорулай берет.

Ошондой эле окуучулар мурда бир эле предметтен олимпиадага катыша алса, эми бир нече предметтерден параллелдүү тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бериле турган тапшырмалар эл аралык методикага жана талаптарга ылайык түзүлгөн. Тандоо туру онлайн жана кадимки режимде окуу жылы ичинде жүргүзүлөт.

I-II этаптары 2019-жылдын декабрь айынан 2020-жылдын январь айына чейин онлайн-режимде, ал эми III, IV, V этаптары 2020-жылдын февраль-апрель айларында офлайн-режиминде өтөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген