Мексикада вируска каршы каражат колдонулуп, оорулуулардын саны кыскара баштады

Мексикада “Ремдесивир” деген аталыштагы жаңы медициналык каражат пайда болду. Ал коронавирустун оор түрүнө кабылгандарга жардам берүүчү, эң эффективдүү дары экени маалым болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жазышууда.

“Ремдисивир” АКШдагы  Gilead Sciences биофармацептикалык компания тарабынан иштелип чыккан.

“Бейтаптын өпкөсүнө жасалма дем алдыруу керек болгондо, бул каражат  оорунун өөрчүп кетишин токтотот. Сыноодон өтүп, жакшы жыйынтык берди”,- деген Мексиканын Саламаттыкты сактоо министри Хорхе Алькосера.

Министрдин айтымында, жарандар”Ремдесивирди” колдоно баштагандан бери стационарга келген оорулуулардын саны 25%га кыскарган.

Хорхе Алькосера Мексикада аталган каражатты чыгарууну улантуу өтө зарыл экендигин кошумчалады.

28-февралдан азыркы учурга чейин Мексикада 51 633 адамга коронавирус жугуп, алардын 5332си каза болду.

Казакстанда кыйноолор жөнүндө жазган сайт бөгөттөлдү

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.