Мекен чегин таштап кетебиз! Айласы түгөнгөн максаттыктардын үнүн ким угат?

Баткен облусунун Максат айылынын түптөлгөнүнө 20 жылдын жүзү болсо да, бул кыштактын жол, базар жана жер көйгөйлөрү чечилбей келет. Буга нааразы болгон Максаттын жашоочулары абал оң жагына чечилбесе, башка жакка көчүп кетишээрин билдиришти.

1996-жылы Тажикстандын жарандары улам жылып олтуруп, Кыргызстан аймагына кирип, бош жэрлерди ээлеп жатат деген кооптонуу менен чек ара аймагына 60 үйлүү  Максат айылы түптөлгөн. Андан бери бир анча жылдар алмашканына карабай, элдин жолго, сууга, базарга жана жерге болгон муктаждыгы күч бойдон калды.

Чек арадагы акыркы чыр максаттыктардын күнүмдүк тиричилигин жакшыртуу үчүн жасаган аракетинен улам чыккан. Айылдыктар өстүргөн жашылча- жемиштерин Тажикстанга алып түшүп сатып турган.Бирок акыркы учурда коңшу өлкөгө болгон каттамдар татаалдашып, түйшүк күчөгөндүктөн, айылдыктар соодаларын чек арага жакын жерден жүргүзүүнү оң көрүшкөн. Тилекке каршы тургундардын соодасы башталбай жатып аягына чыкты.

Айыл тургундары чек арада болгон жаңжалдарга аралашып, өмүрлөрүн тобокелге салууга аргасыз экендигин айтышат.

“Мөмө- жемиштерибизди Тажикстанга алып барып сатчубуз. Бирок товарларыбызды аябай арзан алышчу, ага да макул болуп жүрдүк. Айлабыз кеткенде мөмө- жемиштерибизи чек арага жакын жерге эле туруп саталы дегенбиз. Ага да мүмкүнчүлүк беришкен жок. Чакаларыбызды тоголото тээп, уруп- согуп кууп чыгышты”, дейт Максат айылынын жашоочусу Алмакан Эгембердиева.

Айылда жумуш жоктугунан улам андагы жашоочулар базарга чыгышат. Бирок базар үчүн атайын жай каралбагандыктан, жогорудагыдай окуяга дуушар болуп олтурушат.

Максат айылынын көйгөйү базардын жоктугу менен эле чектелип калбайт. Шаарга каттаган 70 чакырымдай жол асфальтталган эмес. Андыктан, кышкысын каттамдар кыйындап, элеттиктердин жашоосун оорлотот.

“Бизге жардам, жеңилдик деген жок. Чек ара статусун алганыбыз менен, абалыбыз адам ыйлаарлык. Башкасын айтпай эле коёлу, жолубуз эле оңдолсо, Исфана, Сүлүктү, Маргун жана Бешкент айылдары келип соода кыла турган кыргыз базарын ачат элек”,-дейт аталган айылдын башчысы Сапарали Адинаев.

Аталган көйгөйлөр боюнча Лейлек районунун акимине кайрылганыбызда базар үчүн жер каралып жаткандыгы белгилүү болду.

“Базар маселеси чечилиши мүмкүн. Бирок жолдорду оңдоого каражат жок”,- деген жообун берди район жетекчиси Баймурат Бекмуратов.

Максат айылы Тажикстандын Овчикалача айылы менен чектешип, мындан 20 жыл мурда чек арадагы айыл макамын алган.

Эске салсак, 4- июнь күнү саат 17:10дор чамасында Баткендин Максат айылындагы футбол талаада соода кылып жаткан кыргыз жарандарына тажик чек арачылары келип, такталбаган аймактан чыгып кетүүнү талап кылышкан. Ал арада эскертүү катары асманга ок атылып, кыргыз чек арачылар маселени курал колдонбой чечүүгө аракет жасашкан. Бирок тажик аскерлери чек ара тартибин сакташпагандыктан, кыргыз чек арачылары аларды кармоого аргасыз болушкан.

 

Сюжетти даярдагандар: Феруза Аскарбек кызы, Жыргал Абдижалил уулу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген