Медреселерди билим берүү тутумуна кошуу каралууда

Өлкөдөгү медреселердин окутуу тууралуу лицензиялары жок. Анда билим алып жаткандар болсо мектепке барбагандардын катарын толуктайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда билим берүү министри маалымдады. Министр өлкө боюнча жалпы 3 миӊ 45 бала ар кандай себептерге байланыштуу мектепке барбай турганын, алардын катарына медреселерде билим алып жаткандар бар экендигин белгиледи.

Өлкөдөгү медреселердеги окутуунун жоболору Уламалар кеӊеши тарабынан бекитилет. Анда көрсөтүлгөндөй, кыргыз тили жана тарых сабактары окутулуусу керек. 3 жылдан беш жылга чейин билим алгандарга Уламалар кеңеши тарабынан атайын документ берилет, алар бир гана дин жаатында жарактуу.

Дин жаатында билим алып жаткандардын маселесин чечүү үчүн Жогорку Кеңеш депутаттары медреселерди билим берүү тутумуна камтуу зарылдыгын белгилешүүдө. Министрликтин жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарованын айтымында, диний мекемелерге лицензия алуу демилгесин дин өкүлдөрү да колдошот. Анткени ушул убакка чейин диний билим алып жаткандардын документтери башка тармакка жараксыз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген