Медреселерде светтик предметтер окутулуп, кошумча кесип берилүүгө тийиш

Диний окуу-жайларда, медреселерде светтик предметтер айкалышып окутулууга тийиш. Анткени, балдардын билими куран, хадистерди  жаттоо менен эле чектелбеши керек. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана “Булан” институту уюштурган  “Исламий билим берүү системасын жакшыртуу маселелери”  аттуу конференцияда айтылды.

Акыркы жылдары медресеге окууну  каалагандардын саны эки эселеп көбөйгөн. Ал эми алардагы билим сапатын, материалдык окуу-базасын, жашоо шартын  анализдеген эксперттер медреселердин талапка жооп бербестигин белгилешет.

Балдардын  келечекте билимин өркүндөтүп, дүйнө таанымын кеңейтүү  үчүн социалдык сабактардын мааниси чоң дейт Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов. Мындан улам  мамлекет исламий   мектептердин билим берүү тармагын  реформалоону   пландаштырууда.

“Өлкөдөгү бардык мектептерде бирдиктүү стандартта билим алгандай эле медреселерде да светтик предметтер окутулушу керек”,- дейт Эргешов.

Медреселерди ачууга уруксат берүүнү жана окуу программаларын түзүүнү муфтият колго алган. Учурда диний окуу жайлар билим берүү министрлигинен лицензия алып, аккредитациядан өтүүгө документтерин тапшырган. Андыктан, өкмөт билим сапатын жакшыртуу үчүн  кызматташууга даяр.

Исламий мектептер билим берүү категориясына жараша  башталгыч, орто жана жогорку болуп  үч баскычка бөлүнгөн. Ал эми  балдардын окууну  бүткөндүгүн тастыктоочу  документке жогорудагы  шарттар менен жазылып, ал Кыргызстандын диний чөйрөсүндө  гана жарактуу болот.

Учурда 5 медреседе өкмөттүк эмес уюмдардын колдоосу менен пилоттук негизде кошумча кесип үйрөтүлүп жатат. Анда балдар окууну аяктаганда молдочулук менен бирге ширетүүчү,  ашпозчу, электрик сыяктуу  кесиптерге ээ болушат.

Муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эрматовдун айтымында кошумча кесипке ээ болууну самаган жаштардын саны көбөйүүдө.

“Кошумча билим берүү боюнча долбоор уланып жатат. Бишкекте гана эмес, Ош, Жалал- Абад жана Баткендеги диний мектептерде ишке ашкан долбоор эми Нарын, Талас жана Ысык- Көлдө уланганы жатат”,- дейт Равшан ажы.

Медреселерге  9-классты аяктаган балдар гана кабыл алынып, исламий мектептердин ар бир аракети тиешелүү  мамлекеттик мекемелердин көзөмөлүндө турат.

Өлкөдөгү 104 медресе, онго чукул орто жана жогорку окуу жайларында 8200 бала  окуйт. Аталган билим берүү мекемелери демөөрчүлөр, муфтият жана ата-энелер тарабынан каржыланат.

Сүрөт: Кактус медиа.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген