Медреселерде каржы маселеси жолго коюлат

Өлкөдө ишмердүүлүгүн жүргүзгөн медреслерге  мамлекет тарабынан акча бөлүнбөйт. Аладын  каржы булагы  демөөрчүлөр менен балдарын окуткан ата-энелер  тарабынан болот. Мындан улам алдын ала канча акча чогуларын,  аларды кайсы муктаждыктарга иштетүү керектиги боюнча медресе жетекчилигинде так пландоо болбойт.

Окуткан балдарга тамак аш, окуу куралдары окутуучулардын эмгек акы, медресени оңдоп түзөө иштерине атайын сумма көрсөтүлбөйт. Анткени кайсы демөөчү кайсы күнү канча акча берери же азык-түлүк  окуу куралын алып келери белгисиз. Ата-энелер берген акча эмгек акыга гана жетет.  Ошондуктан финансылык сабаттуулук менен башкаруучулукту жакшыртып  заман талабына ылайык иш жүргүзүү  учурда  медерселерде курч маселе.  Анткени  документ иштери,  белгиленген  өлчөмдөгү каржылоо жок. Бардык иштер  кагаз түрүндө эмес, оозеки сүйлөшүү ишеним менен эле чектелип жүргүзүлөт.

” Медрелселер жеке эле мүдүрдүн жоопкерчилигенде калып кеткен. Ошондуктан кыйынчылык жогору.  Кайсы жактан каржы алып, аны биринчи кайсы муктаждыктарга жумшоодо көйгөйлөр көп болчу. Азыр эми буларды жеңил чечүүнү башкарууну жакшы жолго коюну билип алдык”,- дейт   Оштогу Ислам институтунун жетекчиси Нурбек Орунбаев

Медресе жетекчилеринин финансылык сабаттулукка үйрөтүүдөн сырткары,  диний билим берүү жайларында окуучуларды кошумча кесипке үйрөтүү долборлору да иштеп келет. Аталган долбоор быйыл да уланып,  түштүктөгү жети медреседе окуучулар,  англис тилин, эмерек жасоо кулинардык, тигүүчулүк курстарына үйрөнүп жатышат. Алдыда медресе мугалимдерин окутуу да пландалган. Булардын баары “Авеп” коомдук фондунун көмөгү менен ишке ашырулууда

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген