Медресе окуучулары эми айдоочулук менен өрт өчүрүүчүлүктү өздөштүрүшөт

Кошумча кесиптерди үйрөнүү Араван районундагы медреселерде башталды. Учурда өрт өчүрүүчүлүк менен айдоочулукка окутуу жүрүп жатат.

Мындан сырткары, тигүүчүлүк, багбанчылык, ширетүүчү, кондитердик азыктардын жасалышы, тамак аш жасоо, англис тил жана компьютердик курстар бар.

Эми аталган райондогу медреседе окуган жаштар диний билимден сырткары 10 го жакын кесипти да өздөштүрүшөт.

Окуу курстарынын жыйынтыгында 60% бүтүрүүчүлөр жумуш менен камсыз болушкан.

Жалпы Ош облусу боюнча 24 медресе бар. Алардын  ичинен төрт медреседе окуу курстары башталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген