Медресе бүтүрүүчүлөрү кесипке кошо ээ болушту

Жалал-Абал облусунун Сузак районундагы Имам Аъзам медресесинде окуган 40ка жакын кыздар кесипти кошо үйрөнүштү. Алар бир жарым ай бою тамак, салаттардын жана таттуулардын түрлөрүн жасоону өздөштүрүштү. Учурда кыздар сертификатка ээ болушуп, алкыңкылары облустагы тамактануучу жайларга жумушка орношуп жатышат.

Медресе жаштарын кесипке окутуу долбоорунун жетекчиси Нарынбек Кыдыргычовдун айтымында, бүтүрүүчүлөргө иш бергендер кыздардын кесиптик деңгээли мыкты экенине баа берип, жумушка алып жатышат.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Кайсарбаевдин белгилешинче медреселерде окуган жаштарга кесип үйрөтүүнүн зарылчылыгы жаштарды диний-экстремисттик агымдардын азгырыгынан сактап калуу. Аны менен катар жумушсуздардын санын кыскартып, аларга үй-бүлөсүн багып кеткидей шарт түзүп берүү болуп жатат.

Белгилей кетсек Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы медреселерде билим алып жаткан жаштарга мындан ары ашпозчу-кондитер, тигүүчү, компьютердик курстарды чогуу окуганга шарт түзүлүп жатат.

Жаштарга кесип үйрөнүүгө зарыл болгон жабдуулар менен Кыргызстандагы АКШнын элчилиги каржылап жатат.

 

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz