Медицина кызматкерлерге кошумча айлык акы төлөнө баштады. Компенсациянын суммасы канча?

8-апрелден баштап медицина кызматкерлеринин март айына кошумча айлык акысы бериле баштайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.

Маалым болгондой, Ош жана Чүй облустарындагы коронавирус менен күрөшүүдө салым кошуп жаткан 141 дарыгерге 1 млн 400 миң сом бөлүнгөн.

“141 дарыгерден тышкаркы кызматкерлерге 2-3 күндө кошумча маяналары түшөт. Аталган каражат вирус менен күрөшүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан ачылган эсептен берилип жатат”, – деп маалымдады министрликтен.

Ошондой эле медицина кызматкерлерине кошумча акыга атайын комиссия тарабынан 38,5 млн сом бөлүнгөндүгүн министрлик кошумчалады.

Маалым болгондой, кошумча айлык акыны санэпидем кызматкерлери, стационардык жана тез жардам кызматкерлери, ошондой эле коронавирус чыккан жерлерде кызмат кылган дарыгерлер алышат.

Компенсациянын суммасы канча?

Башкы дарыгер – 46 миң сомго чейин,

Орто медициналык персонал – 41 миң сомго чейин,

Кичи медициналык кызматкер – 38 миң сомго чейин,

График боюнча нөөмөт менен иштеген кызматкер – 28 миң сомго чейин алат.

Кечээ, 8-апрелде өткөн брифингде Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов медицина кызматкерлеринин айлык акысын берүү эмне үчүн кечиктирилип жаткандыгын түшүндүргөн.

Ал белгилегендей, айлыктын кечиктирилиши жер-жерлердеги медкызматкерлер тууралуу туура эмес маалыматтардын берилип жатканы менен байланыштуу.

“Айрым региондордо коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүгө тартылган дарыгерлердин саны бурмаланып берилген. Кызматкерлердин саны атайылап көп айтылганы аныкталды. Бүгүнкү күндө бул кырдаал жөнгө салынды, эми бардык төлөмдөр убагында жүзөгө ашырылат”, – деп билдирди Кубатбек Боронов.

9-апрель: Вирустун 10 жаңы учуру катталды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген