Мечитте өрт чыккан. Сутка ичинде 17 тилсиз жоо катталды

Кыргызстанда сутка ичинде 17 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 21 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 3, Ысык-Көл облусу 3, Нарын облусу 2, Чүй облусу 3, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичирайонунда турак үйдүн 2 чарчы метр морунун айланасы күйгөн. Өрт мештерди пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесинин бузулушунан келип чыккан.

Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында райондук оорукананын имаратында бөлмөнүн 15 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айылында жыгач устундуу тунуке менен жабылган мечиттин 70 чарчы метр чатыры жана от жагуучу бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.