Мечиттерде Мьянмадагы көз жумган мусулмандарга карата Куран окулат

8-сентябрь, жума күнү Кыргызстандагы бардык мечиттерде Мьянмадагы көз жумган мусулмандарга карата Куран окулат. Мечитке чогулгандар ал жактагы кырдаал мындан ары кайталанбашы үчүн дуба тилектерди кылышат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.

Бул арада Жогорку Кеңештин депутаттары Мьянмадагы кырдаалды БУУнун жыйынында талкулоо керектигин айтып чыгышты. Депутат Төрөбай Зулпукаров Мьянма өлкөсүндө болуп жаткандай мыкаачылык адамзаттын тарыхында болбогонун айтып, кырдаалга бүтүндөй дүйнө кош көңүл эместигин айтканын “Азаттык” жазып чыкты.

Мьянма коопсуздук күчтөрүнүн жана рохинжа мусулмандарынын кагылышуусунан кеминде 400 киши каза болду. 90 миңден ашуун рохинжа коңшулаш Бангладешке качууга мажбур болушту. Рохинжалар бир нече жылдардан бери Мьянманын жарандыгын ала албай келишет. Өлкөдө мусулман азчылыктар менен буддисттердин ортосунда кагылышуулар бат-бат болуп турат.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz