Мас болуп бөтөлкөлөшүн бычактаган жаран кармалды

4-февраль күнү Аламүдүн районунун  жашоочусу 1972-жылы туулган К.Э өзүнүн бөтөлкөлөшүн бычактаган. Бул тууралуу  ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча 4-февраль күнү  жабырлануучу шектүүнүн үйүндө спирт ичимдигин ичишип олтуруп,өз ара уруша кетишкен. Натыйжада шектүү 1985-жылы туулган шеригине бычак сайган. Окуядан соң ,жабырлануучу жергиликтүү аймактык ооруканага жеткирилген.

Учурда  бул боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, шектүү башка кылмыштарга да тиешеси бар экени аныкталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген