Марипов: Спортчуларыбыздын Олимпиададагы жеңиши – Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата чоң белек

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Токиодогу жайкы Олимпиадалык оюндардын жеңүүчүлөрүн – грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалдын ээси Акжол Махмудовду жана аялдар күрөшүндө коло медалды жеңип алган Мээрим Жуманазарованы куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинентинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

«Мен үчүн биздин спортчуларыбыздын опимпиадалык жеңиштеринин күбөсү болуу чоң сыймык. Сиздер өз мекениңиздердин Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата мыкты белек кылдыңыздар. Биз сиздер менен сыймыктанабыз, өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү болдуңуздар. Сиздерге өлкө желегин жогору желбиретип, мекендештерибизге жаркын маанай тартуулаганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем!», – деп жазылат Улукбек Мариповдун куттуктоосунда.

Ошондой эле ал Айсулуу Тыныбекованы ишенимдүү түрдө финалга чыгуусу менен куттуктап, алдыдагы таймашта жеңишти багындырусун каалады.

«Бүтүндөй өлкө финалдык таймашты чыдамсыздык менен күтүүдө. Биздин күйөрмандардын колдоосу сизге дем-күч жана ишеним берсин, Айсулуу», – деп жыйынтыктады Министрлер кабинетинин башчысы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.