Марипов «Смарт Бажы» санариптик платформасынын долбоору менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов «Смарт Бажы» санариптик платформасынын долбоору менен таанышты.

Бирдиктүү санариптик платформа тышкы экономикалык ишмердүүлүк субьектилери үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле бажыны жөнгө салуу сапатын жакшыртып, анын ичинде өлкө экономикасына инвестицияларды жогорулатууга шарт түзөт.

Аталган платформаны түзүү үстүндө атамекендик экспертизаны өнүктүрүү максатында жергиликтүү IT-компаниялар иш алып бара тургандыгына басым жасалды.

Улукбек Марипов «Смарт Бажы» жаңы санариптик платформасын түзүү үстүндө иштер ыкчам башталышы керектигин колдоого алды, ошондой эле ишке киргизүү процессин өзгөчө көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгиледи.

«Бардык тобокелдиктерди максималдуу түрдө иштеп чыгуу зарыл. Маанилүү кемчиликтер процесс ишке берилгенден кийин эмес, иштеп чыгуунун жүрүшүндө аныкталышы керек», – деп жыйынтыктады ал.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.