Марипов селдин кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшү менен таанышат

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов президенттин атынан Баткен облусуна учуп кетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Эки күндүк сапардын алкагында Марипов Жалал-Абад облусуна дагы барат.

Сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы селдин жоюу иштеринин жүрүшү, бир катар инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышат жана табигый кырсыктан жапа чеккен аймактардын жашоочулары менен жолугушат.

Буга чейин тийиштүү мамлекеттик органдарга кыска мөөнөттүн ичинде жана толук көлөмдө зарыл болгон авариялык калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилген.

Мындан тышкары, селдин кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.