Марипов кыска мөөнөттө курулуш тармагынын өнүгүшүнө тоскоолдук келтирген маселелерди чечүүнү тапшырды

Премьер-министр Улукбек Марипов курулуш тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

«Курулуш тармагы – өлкөдөгү экономикалык өсүштүн негизги индикаторлорунун бири болуп саналат. ИДПдагы анын үлүшү 10% түзөт. 2020-жылы коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнө жана инвестициялардын кыскаруусуна карабастан, 900 миң кв. метрден ашуун турак-жай пайдаланууга берилген. 2020-жылы курулуш тармагындагы инвестициялардын көлөмү 46 млрд сомдон ашуун сумманы түзгөн. Бүгүнкү күндө биз көптөгөн жылдар бою аталган тармакта чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдү талкуулап, ал милдеттерди комплекстүү негизде чечүүгө ниеттенүүдөбүз. Биз үчүн курулуш тармагын өнүктүрүү маанилүү, анткени ал өлкөнүн инфраструктуралык өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизет. Курулуш тармагындагы көйгөйлөрдү канчалык деңгээлде чечсек, жарандарыбыздын жашоосу да ошончолук жакшырат. Өлкө президентине жана Өкмөтүнө келип түшкөн кайрылуулардын көпчүлүк бөлүгү жарандарды турак-жай менен камсыздоо маселесине тийиштүү. Эгерде адамдын үйү, иши жана татыктуу айлык маянасы болсо, мунун өзү жакшы жетишкендик», – деп белгиледи Улукбек Марипов.

Премьер-министр курулуш компанияларынын жетекчилерине кайрылып, жаңы долбоорлорду курууда жана пландаштырууда жарандар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү баадагы турак-жайларга басым жасоо маанилүү экендигине токтолду.

Өз кезегинде курулуш бизнесинин өкүлдөрү өздөрү дуушар болуп жаткан көйгөйлүү маселелерге токтолушту. Алсак, аларга инженердик, электр энергиясы тутумдарына, муздак жана ысык суу менен камсыздоо тармактарына, канализацияга, борбордук жылытуу тутумуна кошулуу, текшерүүчү органдардын компаниялардын ички иштерине кийлигишүүсү, уруксаат берүүчү докукменттерди алуудагы бюроктратиялык тоскоолдуктар, жер маселеси, мамлекеттик органдардагы кадрдык алмашуулар сыяктуу маселелер кирет. Мындан тышкары, архитектура жана курулуш тармагындагы «бирдиктүү терезенин» ишиндеги бюрократиялык тоскоолдуктар байкалат. Мамлекеттик органдар менен өз-ара түшүнүшүү жок, ошол эле учурда республикалык бюджеттин маанилүү бөлүгү бизнестин чегерүүлөрүнөн түзүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.