Марипов: Кыргызстан Корея менен экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстандагы Кореянын элчиси Ли Вон Чжени кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Төрага белгилегендей, Кыргыз өлкөсү Корея менен достук мамилени жана кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң маани берет.

Улукбек Марипов эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүгүн жана аны өнүктүрүү келечегин белгиледи.

Атап айтканда, республикага Кореянын ишкер чөйрө өкүлдөрү келип, атамекендик экономикага инвестициялоого активдүү кызыкдарлыгын көрсөтүп жаткандыгын канагаттануу менен белгиледи.

Министрлер кабинетинин башчысы «Коrea Теlecom» компаниясынын Кыргыз өлкөсүндө долбоорлорду ишке ашыруу чечимин колдоого алды жана кыргыз тараптын корей бизнесин өнүктүрүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Марипов кыргыз жарандары үчүн алдыңкы кореялык ЖОЖдордо билим берүү квоталарын жогорулатууга, ошондой эле биздин жарандардын Кореяга баруусуна байланыштуу маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Кореянын элчиси Ли Вон Чже өз кезегинде белгилегендей, өлкөлөр ортосунда инвестициялык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

Элчинин пикиринде, биздин республиканын жакынкы 5 жылга өнүктүрүүгө Расмий көмөк алуу үчүн приоритеттүү өлкөлөрдүн тизимине киргизилиши, ошондой эле биздин өлкөдө айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу максатындагы Корей эл аралык айыл чарба программасынын борборунун ачылышы (КОPIA) эки тараптуу кызматташтыкты алга жылдырууга жана кеңейтүүгө көмөк берет.

Тараптар ошондой эле үстүбүздөгү жылы экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, Бишкек жана Сеул шаарларынын ортосунда аба каттамын ачуу, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.