Мар Байжиев КМШнын “Шериктештиктин жылдызы” сыйлыгына татыды

Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиев Түркменистанда өткөн илимий жана чыгармачыл интелегенциянын 14-форумунда “Шериктештиктин жылдызы” сыйлыгынын лауреаты болду. Бирок ал ден-соолугуна байланышытуу өз сыйлыгын ала алган жок. Анткен менен уюмдун өкүлдөрү өздөрү Кыргызстанга келип, тапшыра турган болушту. Бул тууралуу иш-чарага катышкан, “Ынтымак” КРТРКсынын кабарчылары Авазбек Айтиев жана Шавкат Умаровдор Ашхабад шаарынан билдиришти.

“Шериктештиктин жылдызы” сыйлыгы – КМШга мүчө мамлекеттердин Гуманитардык кызматташуу Кеңеши жана Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу Фонду тарабынан 2009-жылдан бери илим, билим, маданият, туризм, спорт багытына мыкты салым кошкон инсандарга ыйгарылып келет. Бул жылы аталган Эл аралык иш-чарага Кыргызстан, Армения, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украина жана Орусиядан өкүлдөр катышып, анын ичинен сыйлык 9 мамлекеттен 14 адамга ыйгарылды.

Теги кырыгызстандык, учурда Орусиянын Президентинин Эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү кызматын аркалап келе жаткан Михаил Швыдкойдун айтымында, алар тараптан гуманитардык багыттагы бир катар долбоорлорго көмөк көрсөтүлүп келет. Бул жылы да бир катар талапкердин арасынан 14 адам тандалып, алардын ар бири 2 млн рублга ээ болушту.

Аталган форум Ашхабад шаарында экинчи ирет өтүшү. Анын салтына ылайык, 2020-жылы Казакстандын Шымкент шаары Маданияттын борбору деп аталды. Ал эми кийинки жылы 15-форумду өткөрүү үчүн Өзбексистанга сунуш берилди. Соңунда достукту бекемдөө максатында, гуманитардык багытта алакаларды дагы да күчөтүү үчүн бирдиктүү резолюция кабыл алынды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген