Манасчы Салимбай Турсунбаев дүйнөдөн кайтты

Белгилүү манасчы, “Маданияттын мыкты кызматкери” Салимбай Турсунбаев 62 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу манасчы
Азиз Биймырза кабарлады.

Белгилүү болгондой, манасчы кан басымы көтөрүлгөнүнөн каза болду.

Салимбай Турсунбаев, 1959-жылы 13-январда Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кайырма айылында туулган. 1986-жылдан бери Манас айтат болчу.

Маркумдун атасы Орозбай да манасчы болгон. С.Турсунбаев манасчы эле эмес, сатирик жана акын болгон.

Токтогул ГЭС каскадында иштеген. Кошумчалай кетсек, ал шаардык маданият үйүндө башкы методист, балдардын атайын билим берүү борборунда “Манас таануу” предмети боюнча мугалим болгон.

2016 -жылы Салимбай Турсунбаев “Манас” эпосун 8 саатка жакын тыныгуусуз айткан жана бир катар өкмөттүк сыйлыктарды алган.

Манасчы менен коштошуу зыйнаты 23-сентябрда Кара-Көл шаарында өтөт.

“Ынтымак” маркум Салимбай Турсунбаевдин үй-бүлөөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.