Манасчы Дөөлөт Сыдыков Москвада рекорд коюуга багыт алды

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Кыргыз диаспорасы кеңешинин жана КРнын Орусиядагы элчилигинин колдоосу менен Гиннес рекорддор китебине катталуу максатында белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков бүгүндөн баштап, Москвада беш күн жана беш түн бою манас айтат.

Манасчы буга чейин, 2020-жылдын 12-ноябрында, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында тынбай 14 саат 27 мүнөт бою манас айткан.

Мындай окуя Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет болду.

Дөөлөт Сыдыков 1983-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Шор-Булак айылында туулган. Ал, 12 бир туугандын тогузунчусу.

Айылда орто мектепти аяктаган соң Бишкек шаарындагы Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында билим алып, аны 2011-жылы бүтүргөн.

Сыдыковдун чоң аталары манас айткан инсандар эле. 12 жашында түшүндө аян алып, улуу өнөргө сүңгүгөн. Сыдыков улуу манасчы Саякбай Каралаевди өзүнүн устаты катары эсептеп келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.