Манасчы Дөөлөт Сыдыков манас айтууну жыйынтыктады

Гиннесстин рекорддор китебине кирүү максатында Орусиянын Москва шаарында 5 күн, 5 түн бою манас айтууну баштаган манасчы Дөөлөт Сыдыков бүгүн аны ийгиликтүү жыйынтыктады. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргыз элчилигинен билдиришти.

Азыркы тапта жыйынтыктоо иш-чарасы элчиликте салтанаттуу түрдө өтүп жатканы айтылууда.

Эске сала кетсек, мындан беш күн мурун, 31-августта Дөөлөт Сыдыков манас айтууну баштаган. Кечээ, 5-сентябрда, Дөөлөт Сыдыков 100 сааттан ашык убакытта манас айтканы маалымдалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.