Манас Ниязовдун формасы аукционго коюлду

Көк бөрүчү Манас Ниязовдун 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кийген формасы аукционго коюлду. Анын баштапкы баасы 2 миң сом деп бааланды. Бул туурасында улакчы өзү “Ынтымакка” билдирди.

Ал белгилегендей, аукциондон түшкөн каражат улакчы Дастан Жакеевдин дарылануусуна жумшалат. Ага көптөгөн кымбат дарылар  каражат керектелип жатат.

Учурда улакчынын формасына сунушталган баа 40 миң 500 сомго чейин жетти. Аукцион 19-январь саат 21:00дө жыйынтыкталат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген