“Манас” аэропортуна жүк түшүрүүчү жаңы кампалар курулат

Жергиликтүү инвесторлор “Манас” аэропортуна жүк түшүрүүчү жаңы кампаларды курушат. Бул жүк ташуучуларды жана логистикалык компанияларды тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди. Мындан тышкары, учуу тилкесин модернизациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Аэропорттун жетекчилиги ошондой эле, Кыргызстан экономикасына инвестицияларды тартуу боюнча президенттик программанын алкагында Кыргызстанга келген Ош жана Тамчы аэропортторундагы потенциалдуу инвесторлор менен таанышуу жолугушууларын өткөрдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.